4-июнь күнү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды. Спорт дүйнөсүндөгү эң беделдүү мелдеш алгачкы жолу Орусия мамлекетинде өтөт. Дүйнө кубогу үчүн 32 команда ат салышат. Учурдагы чемпион Германия командасы, Месси баштаган Аргентина, Португалияны сүйрөгөн Роналду, Египеттин жылдызы Салах, Бразилиянын үмүтү Неймар жана башка мыкты футболчулар күйөрмандар үчүн кызыктуу беттештерди тартуулашат.
Оюндардын календары жана толук жүгүртмөсүн “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№815, 14-июнь, 2018-жыл) окуй аласыз.