Кайрадан мигранттардын балдары көңүл чордонунда. Бул ирет 7-майда апасы Орусияда иштеп жүргөн 2 жашар наристе Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө эсин жоготкон абалда түштү.
“Наристе ооруканага оор абалда, башынан бутуна чейин көк ала, эсин жоготкон абалда түшкөн. Көк ала тактардын эскилери да бар экен. Жыгылган менен кол менен ургандын айырмасы бар”, - дейт дарыгер.
Окуя тууралуу толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№863, 16-май, 2019-жыл) окуй аласыз.