"СУПЕР-ИНФО" – эми миллионер!

Урматтуу окурмандар, урматтуу Кыргыз журтчулугу!

Жагымдуу кабарыбызды сиздер менен бөлүшүүгө шашып турабыз!

“Супер-Инфонун” 17 жашын утурлай гезитибиздин расмий Инстаграм баракчасындагы (super_info_official) катталуучулардын саны 1 миллионго жетти! Өлкөдөгү эң көп нускалуу гезит Кыргыз мамлекетиндеги маалымат каражаттарынын, дегеле компаниялардын арасынан мындай көрсөткүчкө биринчилерден болуп ээ болуп отурат.

Гезит Инстаграмда расмий баракчасын 2016-жылы апрель айында ачкан. Мына бүгүнкү күндө катталуучулардын саны 1 миллионго жетти! Талыкпаган эмгек жана окурмандар менен тыгыз байланыштын аркасында ушундай ийгиликке жетип отурабыз. Көп жылдар бою гезит эң көп нускасы менен лидер болуп келсе, эми социалдык тармактарда да биринчиликке жетти. Миллиондук көрсөткүч гезиттин 17-туулган күнүнө туш келгени кубанычка өзгөчө шаң кошту.



Кылычбек Султан түптөгөн “Супер-Инфо” гезитинин алгачкы саны 2002-жылдын 31-майында жарык көргөн. Көрөгөч жетекчинин журналистикага карата креативдүү мамилеси, өз ишин жакшы көргөн, амбициялуу жаштардын командасы Кыргыз журтчулугуна адаттагыдан тыш, кызыктуу, пайдалуу жана ар тараптуу гезитти тартуулап, “Супер-Инфонун” окурманы жыл санап өстү. Гезиттин 5 жылдыгы (ред. 2007-жыл) менен катар “өлкөдөгү эң көп нускалуу гезит” наамы, атагы, ошону менен катар жүгү-жоопкерчилиги да келип, гезит ал бийиктикти бүгүн да сактап келе жатат. Инстаграмдагы расмий баракчабызга катталгандардын санынын миллионго жетиши муну дагы бир ирет тастыктады.

Белгилей кетчү жагдай, "Супер-Инфо" гезити көптөгөн медиа-иликтөөлөрдүн ("Жыл тандоосу", "Жылдын нускасы", "Эң көп жазылуучусу бар газета", "Эң таасирдүү газета", "Эң окумдуу газета" жана башка) жыйынтыгы менен ар дайым биринчиликти бербей келет.

"Супер-Инфо" редакциясы ар бир окурманга, өнөктөштөргө, ар бир катталуучуга терең ыраазычылык билдирет – тандоо, колдоо, ишеним үчүн!

"Супер-Инфо" - эми миллионер!

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан