Бишкектеги “Ош базары” тараптагы ComprassAir деп аталган авиакассадан алган билеттери жасалма болуп чыкканын айтып 7 адам редакциябызга кайрылды. “Топтолуп жетөөбүз гана келдик. Шашылыш жумушу барлар билет алып учуп кетишти. Жалпысынан 80ге чукул адам алданыптырбыз” дешет алар. Жабырлануучулардын айрымдары Орусияга учмак болсо, башкалары Орусиядан, Грузиядан Кыргыз мамлекетине учуп келишмек экен. Окуянын чоо-жайын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№866, 6-июнь, 2019-жыл) окуй аласыз.