Кыргызстанда аялзатына карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча 16 күндүк иш-чарага старт берилди
25-ноябрь - Аялдарга карата
зордук-зомбулукту жоюу үчүн эл аралык күрөшүү күнүнө
карата Кыргызстанда 16 күндүк кампания башталды. Иш-чара “Үйдөгү бейкутчулук
жана тынчтыктан ааламдагы бейкутчулук жана тынчтыкка” урааны астында өтөт. Бул
тууралуу бүгүн маалымат-жыйынында БУУнун КРдагы туруктуу координатору Александр
Авенесов билдирди. Координатордун айтымында, өлкөбүздө гендердик теңсиздиктин айынан бала
төрөөнү пландоону билбегендиктен, көптөгөн аялзаты оор турмушта жашайт. “Бизде
бойго жете электерге карата зордук-зомбулук, эрте бойго бүтүү фактылары тууралуу
маалыматтар бар. Айтор, бул тармакта
маселе көп”,- дейт А.Авенесов. КРнын ИИМинин маалыматы боюнча, Бишкекте 1 айда үй-бүлөлүк
чырлардан зыян тарткан 40-50 аял ооруканаларга жеткирилет, 2 миңге жакын айым
зордуктоого кабылат. Ошондой эле Кыргызстандагы айымдардын 12 пайызы бойго жете
электе турмуш жолуна аттанса, адам сатуу боюнча курмандыктардын 98 пайызын аялзаты
түзөт.