Тоолуу Карабахта болуп жаткан Армения-Азербайжан кагылышуусунда Армениянын жаңжалдан каза болгон аскерлеринин саны 30га жетти. Бул тууралуу Армениянын Орусиядагы элчиси Вардан Тоганян билдирген.
"Акыркы маалыматтар боюнча, болжол менен 30 аскер каза болуп, 100дөн ашыгы жаракат алышкан. Маалыматтар дагы такталууда. Бул жерде сөз аскер күчтөрү жөнүндө гана болуп жатат", - деген элчи.
Учурда эки өлкөгө тең аскердик абал жарыяланып, абал кооптуу бойдон калууда.