Африкада арстанды сылай коём деген киши аз жерден колунан айрылып кала жаздады идео)

Африканын Сенегал аймагында жергиликтүү "Park Hann" зоопаркында гид болуп эмгектенген Абдулай Вэйд аттуу кызматкер тордун сыртынан жырткычты сылай коём деп аз жерден колунан айрылып кала жаздады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эркек киши конокторго жакшы таасир калтырам деген ойдо капастагы арстанга колун салып жиберген.

Видеодон жырткыч бошонууга аракет кылып, кыйкырып жаткан жумушчунун колун тартып жатканын көрүүгө болот.

"Ал ортодо зоопарктын кызматкери арстанды бир урганга үлгүрсө, окуянын күбөлөрү арстанга таш ыргытышкан. Акырында арстан кишини коё берген. Ал эми жабыркаган кызматкерге медицина кызматкерлери жардам берген. Учурда анын абалы тууралуу маалымат жок", - деп жазылат маалыматта.

Африкада арстанды сылай коём деген киши аз жерден колунан айрылып кала жаздады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aizirek9494
2020-10-05 14:53:56
Тоа е жиндиби колун не салат...
0
aiba_00
2020-10-05 15:31:50
Айбандан айырмаланып адамга акыл Берген го, жулуп жеп койону аз калыптыр, эменге салат колун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан