Бишкектин Ленин районунда Ала-Арча суусуна 56 жаштагы эркек киши түшүп кеткен

Бишкектин Ленин районунда Ала-Арча суусуна 56 жаштагы эркек киши сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-декабрь күнү саат 13:10 чамасында Москва менен Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде Ала-Арча суусуна 1964-жылы туулган эркек киши кулап түшкөн.

ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган адамды суудан алып чыгышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

Жарандын абалы канааттандырарлык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан