Ош облусунун Кара-Дөбө айылында жеңил унаа жолдон чыгып, жүк ташуучу унаа менен сүзүштү

Ош облусунун Кара-Суу районунда жеңил унаа жолдон чыгып кетип, каршы тилкедеги жүк ташуучу унааны сүздү. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жаракат алганын Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

Маалым болгондой, кырсык 4-декабрда саат 16:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 648-чакырымында, тагыраагы Кара-Суу районунун Кара-Дөбө айылында катталган.

"Кара-Суу районунун 1988-жылы туулган С.А. аттуу тургуну Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаасы менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада Шахман үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа (айдоочусу 1995-жылы туулган М. уулу Д.) менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана 1998-жылы туулган Ш. уулу. С. аттуу жүргүнчүсү денелеринен жаракат алышып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Жол кырсыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан