"Соккон жүрөк чыга жаздап кабынан,
Өз баласын артык көрүп баарынан.
Баласынын миң түйшүгүн көтөрүп,
Эне кымбат, эне ыйык баарынан", - демекчи, эне - дүйнөдө теңдеши жок, асыл зат. Ар бир адам үчүн эне ыйык. Акындар, жазуучулар апаларга арнап миңдеген ырларды, чыгармаларды, баладаларды чыгарды, чыгарып келишүүдө келечекте дагы мыкты чыгармалар жарала бермекчи. Себеби эне темасы түбөлүк темалардын катарында. SUPER.KG порталы акындардын энелерге арнаган ыр саптарын топтоду.
КҮЛЧҮ, АПАКЕ!
Ыр деп апа, кармап жүрөм каламды,
Ырасында билбейм пайда табамбы.
Дабаа таппай жүрсөм сизге кечирчи,
Доктур болбой, "акын" болгон балаңды.
Туу болдуң ээ, балаң үчүн миңден миң,
Турмушумда баарын сизден үйрөндүм.
Бирок сиздей асыл адам боло албай,
Булганганын карачы, апа, дүйнөмдүн!
Мен кыйналсам, көздөн сыгып ачуу жаш,
Мага сиздей бирөө күйүп, жашыбас.
Билем бирок бир тамчыңа жашыңдын,
Менин кылар миң мээнетим татыбас.
Бир үшкүрбөй, азабыма чыдап миң,
Башка сиздей данакерлик кылат ким?
Сиз бар үчүн Жер огунда айланып,
Сиз бар үчүн Ааламыма чыгат Күн.
Жан дүйнөңө мен деп кайгы топтолуп,
Жашысаңыз, жаным кейип, от болуп,
Ааламдын бир кызыгы эмес, апаке,
Аалам өзү кетет мага жок болуп!
Күлчү, апаке, ошол бакыт, керемет!
Күлкүңүздөн жазга айланат төгөрөк!
Азабыңдын актабасам бир күнүн,
Алдыңызга баш урайын чөгөлөп!
Мээримиңдин актабасам ирмемин,
Мен алдыңда өтөйүнчү чөгөлөп!
Автор: Максат Жангазиев
ЭНЕ ЖҮРӨГҮ
Оо энеке, бакыт жаайт жамалыңда,
Ойго баттың, доорумда, заманымда.
Неге анда асманды карап жүрөм,
Бейиш болсо өзүңдүн таманыңда.
Ооба, бейиш, мээрим бар катылбаган,
Ооба, бейиш, бакыт бар жашырбаган.
Тирүүчүлүк өкүмүн сүрөт анан
Наадандардын максатын батырбаган.
Кадамынан күнүгө тапкан ардак,
Кимдер сенин ролуңду аткара алмак.
Тагдырымдан запкы жеп кулап жатсам,
Жүрөгүңдү берээрсиң башка жаздап.
Балалык доор, өмүр да өтүп жатат,
Бир бурчунан бир бурчка көчүп жатат.
Сенделгенде карайлап жарык таппай,
Сенин гана үмүтүң эшикти ачат.
Бир окуя жүрөктү келет өйүп,
Бар бактысы чайпалып, кеме чөгүп.
Жээкке сүрүп бу турмуш таштады эле,
Жан досумдун жаш эле энеси өлүп.
Оңой менен кайгыны тоготпогон,
Майышса да кайратын жоготпогон.
Өмүрүндө ыйлабас ошол досум,
Энекелеп, жер муштап шолоктогон.
Карегиме кан толуп көлкүлдөгөн,
Калдым досум тагдырдын өртүндө мен.
Энекең бар, сезилбес азыр сага,
Дүйнөдө жок бактылуу сенсиң деген.
Достун сөзү чынында тереңде экен,
Кайдан билдим, кайгыга эленбесем.
Бар дүйнөмдү ичинен багып жүргөн,
Бакытымдын башаты энемде экен.
Байкоо салсам өзүмдү терең карап,
Мен чырпыкмын, балпайган энем дарак.
Октоп келсе мылтыгын ажал бир күн,
Ойлонбостон мен үчүн энем барат.
Жолдор татаал өмүрдө эне баскан,
Көөдөндөгү көзүмдү энем ачкан.
Кара түнгө айланып энем жокто,
Каралбаган үйдөймүн желе баскан.
Ашууларга көз жетпейт энем ашкан,
Санааларга сөз жетпейт эне баткан.
Энелерди окшотом зор кемеге,
Түйшүктөрдү көтөрүп келе жаткан.
Күлтүңдөгөн уулдарын кошо жандап,
Эне жүрөт чечилбес түйүндө да.
Таяк менен үмүттү кошо кармап,
Эне жашайт карылар үйүндө да…
Жакшы ойлор заматта тебеленип,
Колум барбайт кээ кезде жазаарга да.
Оокат сатып, турмушту тегеренип,
Эне жүрөт күнүмдүк базарда да…
Кол жетпеген сыйда да эне жүрөт,
Шор кетпеген ыйда да эне жүрөт.
Тирүүлүктү айланып күн сыяктуу,
Тириликти жылыткан эне жүрөк.
Тереңинде күн жаткан эне жүрөк,
Сезимине гүл баккан эне жүрөк.
Ата-журтка мээримин төшөп коюп,
Таш жолунда өмүрдүн эне жүрөт.
Көлөкөңдөй өлгүчө коштогон ким,
Көңдөй уулун жаманга кошпогон ким.
Бейишиңден айрыган тозок ошол,
Энелердин жүрөгү токтогон күн…
Эч ким сыздап энесин жоктобосун,
Энелердин жүрөгү токтобосун!!!
Автор: Бердибек Жамгырчиев
АПАМА
I
Эсиңдеби,
Алгач мектеп босогосун жан балам
Аттаганы жатат, эх деп сүйүнүп,
Апапакай азем көйнөк кийинип,
Тынч албаган мени колдон жетелеп
баратканда
сөз айтканмын эркелеп:
Апа, апоов,
барбай эле койсоң кантет мен менен?!
- ии, эмнеге?
- Тээтигинин апакеси чардайган,
Курсактуу экен десе элдер,
Уят эле болом го апа, мындайга
күлөт достор,
Жакпай калам кыздарга...
Ошол күндүн эртеси эле кечинде,
Карындашым төрөлгөнү эсимде.
А бир жолу,
Таңдан кечке ойноп келсем күйүгүп,
Ме, күчүгүм, азык кыл деп кардыңа,
Сары май, чай, нанды койсоң алдыма.
- Коңшу жеңем ак нан жабат экен деп,
Кара нанды жебей койгом кекеңдеп.
А сен күлүп:
- Эне сүтү дале оозуңдан кете элек,
Сенин көпкө түшүнүгүң жете элек.
Жаратканым ырыскыңдан кем кылбай,
Уулум, сага кең келечек берсе деп,
Башым сылап, өөп койгонсуң чекемден!
Ал учурда жокчулуктун заманы,
Жокту- барды түшүнө элек баламын.
Студентмин,
Сессия бүтүп келсем үйгө калаадан...
Каармандардын арзуусуна түйшөлүп,
Бир күн кечке сериал көрсөң үч бөлүп.
- Балаңдын да сүйүүсүнө тынч алып
түйшөлбөсөң керек апа мынчалык...
Деген элем колуңдагы пультту алып.
Анда сүйүү эс тандырган кез эле,
Өз ордуна түштү ал да тез эле...
II
Менин түптүз кыялыма чыдаган,
Мени ушул турмуш жолго чыңаган.
Түйшүгүмдү түйшүк эмес парз көрүп,
Түндүгүмдүн түз болушун сураган,
апа сенин мээримиңе курчалып,
апа сенин тилегиңден күч алып,
жүрөмүн мен,
бүт өмүрү бакыт күткөн
үмүтүңө үмүт болуп уланып.
Автор: Акжол Доранбек уулу