Италияда хакерлер жарандарды Ковид-19 илдетине каршы эмдөөгө каттаган сайттын ишине кол салышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, хакерлер Лацио аймагындагы вируска каршы эмдөө жүргүзгөн мекеменин расмий сайтына кол салышкан. Мындан улам аталган сайттын иши үзгүлтүккө учураган. Шаар бийлиги болсо бул окуянын кесепетинен эмдөө жараяны бир аз кечеңдеши мүмкүн экендигин билдирди.
Ал эми сайттын ишин калыбына келтирүү жана коргоо иштери бир күнгө созулушу ыктымал экендиги кабарланды.
Италия полициясы болсо бул чабуулдун артында кимдер турганын иликтөө иштерин баштады.
Белгилей кетсек, Лационун калкынын 66 пайызы, ал эми жалпы өлкө калкынын 60 пайызы вируска каршы эмделген.