Футбол: Францияда футбол күйөрмандары Лионель Мессинин келишин күтүшүүдө (видео)

Социалдык тармактарда Франциянын Париж шаарында "Барселонанын" мурдагы футболчусу, аргентиналык жылдыз Лионель Мессини күтүп жаткан футбол күйөрмандарынын видеосу тарады. Анда көчөгө жык-жыйма толгон күйөрмандардын "Месси" деп кыйкырып жатышканын көрүүгө болот.

Эске салсак, 5-августта футбол жылдызы Лионель Месси мурдагы клубу "Барселонадан" кеткени расмий түрдө жарыяланган. Андан соң аргентиналык жылдыздын франциялык "Парис-Сен-Жермен" клубуна өтөрү тууралуу көптөгөн маалыматтар тарап жаткан.

"ПСЖ" клубу Лионель Месси менен 2 жылга келишим түзүп, ал тургай 10-августта аны күйөрмандар менен тааныштыруу аземин өткөрүү үчүн Эйфель мунарасын ижарага алганы да кабарланган. Бирок бул маалыматтар футболчу тарабынан расмий түрдө тастыктала элек.

Мессини күткөн Париждиктер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан