18-августта Жалал-Абад шаарындагы Түмөнбай Байзаков атындагы эс алуу сейил багы ачылды. Бул туурасында шаардык мэриянын маалымат борборунан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, аземге шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркин Маматаев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Шаар мэри кароосуз калып, таштанды баскан аймак көптөгөн эмгектин арты менен заманбап эс алуу сейил багына айланганын баса белгилеп, шаар тургундарына жана келген коноктор үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.
Аталган сейил бак 8 гектардан ашуун аянтты ээлейт. Анда оргумалар, веложол, балдар ойноочу аянт, спорттук жана маданий иш-чаралар өтүүчү аймак камтылган. Мындан сырткары сейил бакка жакын Победа көчөсүнө асфальт төшөлүп, 100дөн ашуун унаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жай, велосипед коюучу жай курулган.
Сейил бактын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 40 миллион сомдон ашык каражат жумшалган.
Маалымат үчүн: Сейил бак оңдоп-түзөөдөн өткөнгө чейин "Нооруз" сейил багы деп аталып, көп жылдар бою кароосуз калган. Аны кайрадан куруунун алкагында уруксаты жок курулган 7 тосмо жана 8 имараттын курулушу буздурулган.