Базар-Коргондо жүздөгөн дыйкандарды чогулткан "Талаа күнү" иш-чарасы өттү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда дыйкандар үчүн “Талаа күнү” иш-чарасы өттү. Анда келген ар бир катышуучуга айыл чарба ишмердүүлүгүнө керектүү универсалдуу продукциялар белекке берилди. Бул туурасында "Бай Дыйкан" уюмунан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, жүгөрүнү өстүрүү агротехнологиясы, дыйкандар үчүн мастер-класс уюштурулду. Окумуштуу-агрономдор дыйкандардын кызыктырган бардык суроолоруна жооп беришти.

Келген ар бир катышуучуга айыл чарба ишмердүүлүгүнө керектүү универсалдуу продукциялар белекке берилди. Алардын бири Кыргызстанда өндүрүлгөн “Унимакс” органикалык жер семирткичи (350 литр). Мындан тышкары, лотерея ойнотулуп, 7 орун боюнча жеңүүчүлөргө кымбат баалуу белектер берилди.

Иш-чарага Ноокен, Базар-Коргон, Сузак районундагы жүгөрүгө кызыккан 200гө чукул дыйкан катышты. Бул 3 райондун сынак-талаасына эгилген Limagrain LG жүгөрү уругу Францияда өндүрүлгөн. Уруктар сыноо үчүн дыйкандарга акысыз негизде берилген. Өсүмдүктөрдүн бардык өсүү этаптарын агрономдор коштоп, акысыз кеңештерин берип, келип көрүп турушкан.

Аталган бренддин Кыргызстандагы расмий өкүлү жана иш-чаранын уюштуруучусу - “Бай Дыйкан” айыл чарбаны колдоо борбору.

“Бай Дыйкан” Кыргызстан фермерлерин уруктар, жер семирткичтер жана коргоо каражаттары менен камсыздайт. Жакындан тарта компания өздүк продукция өндүрүп баштады. Ошондой эле агро-кызматтардын түрүн көрсөтөт. Агроөндүрүштү колдоо ассоциациясынын өкүлү болуп саналат. Айыл чарба министрлиги менен тыгыз иш алып барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан