Бүгүн, 19-августта мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы алдында биринчи Элдик курултайды уюштуруу комитетинин биринчи отуруму болуп өттү.
Президенттин администрациясынан билдиришкендей, иш-чарага уюштуруу комитетинин мүчөлөрү – президенттин администрациясынын кызматкерлери, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле коомдук ишмерлер катышты.
Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 25-ноябрь күнү Бишкек шаарында өтөт.