Бишкек шаарына караштуу Биринчи Май районунун Ташкент көчөсүндө жайгашкан менчик бала бакчадан чыккан өрт толук өчүрүлдү.
"№26 дарегиндеги дүкөндүн 2-кабатында жайгашкан менчик "Волшебный замок" атындагы балдар бакчасынан чыккан өрт саат 12:45те толук өчүрүлгөн", - деп жазылат маалыматта.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:19дан тарта жалпы 4 бөлүм, ККББдан ыкчам топ жана штаб тартылып, жабыркагандар жок экени айтылат.
Буга чейин ӨКМдан өрт бала бакчадан эмес, турак үйдүн өзүндө чыгып, жалпы аянты 200 чарчы метрди түзгөнүн кабарлашкан.