"Жайлоого кеткен". Ысык-Көлдө 22 жаштагы кытайлык жаран изделүүдө
Ысык-Көлдө Кытай жараны Сай Тун изделет. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22 жаштагы кытайлык Сай Тун Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти. Ал 24-июль күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ала-Көл жайлоосуна чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
"Маалыматты 18-августта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына атайын кат аркылуу билдиришкен.
Маалыматтык билдирүүдөн улам Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткарууу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, облустук ИИБнын кызматкерлери менен биргелекте издөө иштерине жөнөп кетишкен", - деп жазылат маалыматта.