Ошто сентябрдын аягында заманбап калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров билдирди.
"Сентябрь айынын аягында Ошто заманбап калкты тейлөө борбору ачылат. Учурда тийиштүү иштер жүрүп жатат. 1 миң 200 чарчы метрлик имаратка көчүп киребиз. Азыркы имарат эски болгондуктан электр энергия тармагында көйгөйлөр болуп келген. Аны менен катар унаалардын тыгыны жаралууда”, - деди Айдарбек Мамбеткадыров.
Мындан тышкары ал калкты тейлөө борборундагы кызматтарга онлайн түрүндө кезекке туруу системасын да киргизип жаткандарын белгиледи.