"Тараптардын элдешүүсүнө байланыштуу иш токтотулду". Улуттук госпиталда каза болгон аялдын окуясы

Бишкекте жеке клиникалардын биринде липосакция жасаткандан кийин оор абалда Улуттук госпиталга түшүп, кийин каза болгон аялдын окуясы боюнча кылмыш иши токтотулду. Бул тараптардын элдешүүсүнө байланыштуу дешет Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан.

"Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына айыпталуучу Г-З.Л.нын кызыкчылыгын коргогон жактоочудан тараптардын жарашуусу жана келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө макулдашуунун негизинде кылмыш ишин токтотуу жөнүндө өтүнүч кат түшкөн. Буга байланыштуу айыпталуучу хирург Г-З.Л.га карата кылмыш иши токтотулган, - дешти мекемеден.

Маалымат үчүн:

Липосакция - хирургиялык жол менен денедеги май катмарларын алган косметикалык же бариатрикалык операция. Бул операция дененин бир бөлүгүнө, көбүнчө курсакка, санга, жамбашка жасалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан