Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев өлкө башчы Садыр Жапаровго жана кыргыз элине Ульяновсктогу жол кырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында өзбек басылмаларында жарыяланды.
"Өзбекстандын башчысы боордош Кыргызстан элине, каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Аларга колдоо көрсөтүүнү суранып, жабыркагандардын сакайып кетишин каалады", - деп жазылган маалыматта.
21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн.
Өлкө башчы Садыр Жапаров ТИМге, ӨКМга, “Манас” эл аралык аэропортуна каргашалуу жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырган.
Бүгүн, 23-август Кыргызстанда жалпы аза күтүү күнү деп жарыяланды.