Өлкөдөгү мечиттерде Орусиядагы кырсыкта каза болгондорго багышталып Куран окулду (видео)

Бүгүн, 23-августта өлкө аймагындагы мечиттерде Орусиядагы жол кырсыгынан каза болгон 14 мекендешибизге багышталып Куран окулду. Буга чейин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы - муфтий Замир кары Ракиев имамдарга кырсыктан көз жумган мекендештерибизге багыштап Куран окууну тапшырган.

Белгилей кетсек, 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн. Маркумдардын сөөгүн жүктөгөн учак Ульяновсктун убактысы боюнча саат 11:10до Кыргызстанга учуп чыккан.

Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон улуттук аза күтүү жөнүндө жарлыкка ылайык, бүгүн, 23-августта бүткүл Кыргызстан аза күтүүдө.



Бишкек шаары: Абдулкерим Сатук Буура хан мечити
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан