УКМК тарабынан кармалган "Үмүт жана Ко" ишканасынын ээси Журат Абдуллаевди колдогондор Кең-Булуң айылында митингге чыгышты.
Митингге болжол менен 100дөй адам чыгып, алар Журат Абдуллаевди боштондукка чыгаруу керектигин айтышты.
"Биздин бир гана талабыбыз Журат Абдуллаевди бошотуу, керек болсо анын ордуна мени алып барып камагыла. Журат элди багып жатат. Ал майрамдарда, айт күндөрү элди куттуктап келет. Силер Журатты камаганыңар 10 миң, 20 миң элди камаганыңар", - деди митингге чыккан аксакал.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте ок атуучу куралдарды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактаганга шектелип “Үмүт жана Ко” ишканасына тең ээлик кылган жаран кармалганы маалымдалган. Кийинчерээк ал эки айга камакка алынган.