
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары
Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор
Курманкул Зулушев жана ички иштер министри
Улан Ниязбеков аймактарды кыдырып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларын улантат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы
Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, алар сентябрда Баткен, Ош облусу жана Ош шаарында жолугушууларды өткөрөт.
"Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары жана көзөмөлдөөчү орган менен ички иштер министрине өз көйгөйлүү маселелерин түз айтып, айрым учурларда суроолоруна жоопторду дароо алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө", - деп жазган ал.
Ошондой эле ал жолугушуулардын өтө турган так дареги боюнча кошумча маалымат берилерин кошумчалаган.