Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчи Гүлнара Баатырованы тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Эми саламаттыкты сактоо министри кызматына дайындоо үчүн анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.
Белгилей кетсек, Гүлнара Баатырова Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган. Ал буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык аккредитациялоо боюнча комиссиясын жетектеген жана президент тарабынан сунушталып, БШКнын мүчөсү болгон.