Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 300 миң сомдон берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Төрөбаевдин билдиришинче, жарандардын сөөгүн кичи мекенине өзү менен чогуу облус башчылары жеткирип барат. Ошондой эле алардын жакындарына президенттин фондунан 300 миң сомдон кенемте берилет.
Бүгүн, 23-августта Ульяновскто катталган жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү Ошко алынып келинди.