Кыргыз-тажик чек арасына чектеш аймактарда коомдук коопсуздукту камсыздоо иштери жүрүүдө

Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери чек арага чектеш аймактарда коомдук коопсуздукту сактоо үчүн биргеликте иш алып барууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында Баткен районунун Таш-Тумшук, Төрт-Көчө, Сомион, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын чек арага жакын чектеш айылдарында эки мамлекеттин укук коргоо органдары биргеликте элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, коопсуздукту камсыздоо боюнча биргеликте кайгуул күзөттөр жүрүп жатат.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам чек ара аймагында калып калган жарандар 17-сентябрь күнү толугу менен коопсуз жайга чыгарылган. Учурда коопсуздукту камсыздоо максатында бардык күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан