Коңшу Тажикстандын аскер кызматкерлери жардырып жиберген Баткен районундагы Ак-Сай дарыясынын үстүнөн өткөн 36 метрлик көпүрөнүн учурдагы сүрөттөрү социалдык тармактарга тарады.
Сүрөттө көрүнгөндөй жардыруудан көпүрө толугу менен талкаланып, унаалар андан ары өтө албай калган.
Бул көпүрө аркылуу калк жайгашкан аймактарга дары-дармек, азык-түлүк жана башка керектүү болгон нерселер жеткирилип турган.
Кечээ, 18-сентябрда Транспорт министрлиги тажик тарап Ак-Суу дарыясындагы унаа көпүрөсүн жардырып жиберишкенин билдирген. Жардыруу болгон жерде атайын курулуш техникалары: жүктөгүч, экскаватор, бульдозер жана унаа калганын министрлик кошумчалаган.