Экс-президент Аскар Акаев коңшу Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан улам өлкө элине кайрылуу жасады.
Ал кайрылуусун чек арада курман болгон баатырларга таазим кылуу менен баштады.
"Урматтуу мекендештер!
Ата-Мекендин алдындагы ыйык милдетин аткарып жатып курман болгон Баткен баатырларына аза күтүү күнүндө, сиздер менен мен дагы алардын жаркын элесине таазим этем жана үй-бөлүлөрүнө, жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам! Өздөрү коргогон туулган жеринин топурагы жайлуу болсун, ал эми эрдиктери түбөлүк кыргыз эсинде жашайт!
Мен сиздер сыяктуу эле Тажикстандын аскеринин агрессиясына туруштук берип, татыктуу жооп кайтарып, мекенинин бир карыш жерин бербеген, багынбаган биздин баатыр чек арачыларыбыздын эрдигине, кайратына жана чеберчилигине суктандым. Баатырларга Кыргызстандын чек арачыларына рахмат!
Тажик тараптын бул куралдуу кол салуусу капысынан болбогону маалым болуп турат. Ал алдын ала пландалып, дыкат даярдалган агрессия актысы.
Биринчиден, ал тажик тараптын мурдагы куралдуу кол салууларындай эле чек ара маселелерин күч менен чечүүнү легимтимдештирүү үчүн ШКУнун Самарканддагы саммити учурунда башталды.
Экинчиден, оор курал-жарактар, танктар, учактар жана көптөгөн ракеталык системалар менен жабдылган аскер күчтөрүнүн бузуку чабуулу Тажикстандын президентинин башкы командачысы Эмомали Рахмондун кабарысыз ишке ашмак эмес.
Үчүнчүдөн, Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салуу жарандык инфраструктураны, мектептерди, фельдшердик-акушердик пункттарды, бала бакчаларды, турак-жайларды жана үй чарбаларын, көпүрөлөрдү жана ирригациялык системаларды жапайычылык менен талкалоо, ошондой эле жергиликтүү калкты коркутуу өтө аша чапкандык. Бул жергиликтүү калкты чек арага жакын жайгашкан айылдардан жана аймактардан чыгаруу максатында жасалды. Анткени, бүткүл дүйнөдө чек араны биринчи кезекте жергиликтүү калк кармаары белгилүү.
Эмомали Рахмон Кыргызстан менен чек ара маселелерин аскердик чыр-чатакты козутуп, күчкө салып кысым көрсөтүү жолу менен өзүнүн пайдасына чечүүнү максат кылганы ачыкталды. Эмомали Рахмон улуттун ырайымсыз лидери болуп чыкты. Ал мындан 30 жыл мурун Тажикстан эң оор мезгилге туш болуп, жарандык согуштун курчоосунда калганда тажик элине саясий, моралдык жана гуманитардык жактан эң чоң жардам жана колдоо көрсөткөн Кыргызстан жана кыргыз эли болгонун унутту.
Ал мындан туура 25 жыл мурун дал Бишкекте бириккен тажик оппозициясынын лидерлери менен тил табышканын, ошол нерсе өлкөсүндөгү жарандык согушка чекит коюп, бейпил жашоого шарт түзгөнгөнүн эсинен чыгарды. Эмомали Рахмонду Кыргызстанга жана кыргыз элине каршы жасаган агрессивдүү аракеттери үчүн Жараткан жана боордош Тажикстан эли өзү жазалайт деп ишенем. Ал, албетте Кыргызстан менен чек ара маселелерин тынчтык жана цивилизациялуу жол менен, жалпы таанылган эл аралык эрежелердин негизинде саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр, чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо жолу менен чечсе болмок.
Бирок ал башка перспективасыз жолду күч колдонуу менен чечүүнү тандап алды. Кыргыз эли эки миң жылдан ашуун убакыттан бери мамлекеттүүлүккө ээ болуп, бул аралыкта тагдырдын далай оор сыноолоруна туруштук берип, ар дайым жеңишке жетип келгенин эске албай жатат! Сиздерге кайрылуумду "Биздин ишибиз адилет, жеңиш биздики болот!" деген белгилүү формула менен аяктагым келет", - деп айтылат Акаевдин билдирүүсүндө.
Ошондой эле Акаев Кыргыз элин ынтымакка жана биримдикке, коомдук-саясий стабилдүүлүктү сактоого чакырды. Анын айтымында бул бардык маселелерди ийгиликтүү чечүүнүн негизги шарттары.