Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев коңшу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондон "Бишкектин ардактуу атуулу" наамын алып салууну сунуштады. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Эмомали Рахмонго "Бишкек шаарынын ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу боюнча токтомду жокко чыгаруу жана Кара-Дарыя көчөсүнө баатырларча курман болгон Эламан Ураимовдун ысымын ыйгаруу өтүнүчү менен шаар мэрине жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына кайрылам", - деп жазды Бекешев.
Белгилей кетсек, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго "Бишкектин ардактуу атуулу" наамы 1999-жылы ыйгарылган. Ошол кезде Бишкек шаарынын мэри Феликс Кулов болчу. Сыйлык тапшыруу аземине ошол кездеги президент Аскар Акаев дагы катышкан.