Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу “Президент Садыр Жапаров Америкага самолёт менен учуп кетиптир”, - деп ызы-чуу түшүп жаткандарга жооп берди.
"Урматтуу кыргызстандыктар! Азыр баарыңыздар көрүп турасыздар, абал тынч эмес. Өлкөбүзгө куралдуу кол салуу болду, ал аз келгенсип, биздин үстүбүздөн карандай жалаа жабылып, дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстанды жаман көрсөтүү аракеттери болуп жатат. Президенттин Нью-Йоркко сапары учурда өтө зарыл иштердин бири болчу. Андыктан өлкө башчысы чукул учуп кетти. Ал жакта мамлекетибиз үчүн маанилүү иш-чаралар, жолугушуулар өтөт. Кайра ыкчам келип, кызматтык милдетин аткарышы керек. Азыр сезгенге биздин абал оңой эмес. Ойлошуңуздар мүмкүн “каттамдар менен эле барып келбейби” деп. Каттамды күтүп, жоон топ делегация ээрчишип алып терминалдарда туруп, улам рейс алмаштырып барып келгиче убакыт жолго эле кетет. Учурда ар бир саат кымбат билсеңиздер. Учактын чыгымынын оозуна баткан цифраларды жазып, элдин башын айлантып жаткандар, жалаанын жоопкерчилиги бар экенин сезиңиздер. Мамлекетибизге күйсөк анда ар кандай бей-жай жалаалардан алыс бололу", - деди Орунбеков.
Социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында президенттин учак менен кеткенин туура баалап, кошуна Өзбекстан менен Казакстандын президенттери да учак менен барганын мисал келтиргендери да бар.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров учурда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарында жүрөт. Учурда мамлекет башчысы БУУнун трибунасында сүйлөп жатат.