Чек ара кызматы: "Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу туруктуу"

Бүгүн, 22-сентябрь саат 08:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 21-сентябрдан 22-сентябрга караган түн тынч өттү жана терс окуялар катталган жок.

"Чек ара аймактарын жарылбаган снаряддардан, миналардан, ок-дарылардан жана башка жардыргыч заттардан аныктоо, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери уланууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптардын жумушчу комиссиялары кырдаалды деэскалациялоо жана кошумча күч жана каражаттарды мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына чыгаруу боюнча мурда келишилген келишимдердин аткарылышын текшерүү боюнча иш-чараларды улантат", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Маалымат үчүн: 16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 198 адам жабыркап, 59 адам каза болгонун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан