Тажикстандын агрессиясы: Баткендин тургундарына психологдор жардам көрсөтүүдө

Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу баскынчылыгынан жабыркаган Баткендин тургундарына психологдор жардам көрсөтүүдө. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, психологдор тобу "Психологдор кербенинин" алкагында барышкан.

"Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин тапшырмасы менен 20-сентябрда 28 психолог Баткенге барган. Алар Бишкек, Жалал-Абад жана Ош шаарындагы жогорку окуу жайларында иштеген психологдор. Учурда алар жеринде тургундарга психологиялык жардам көрсөтүүдө", - деп билдиришти мекемеден.

Баткендин тургундарына психологдор жардам көрсөтүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан