Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жаракат алган аскер кызматкерлеринен кабар алышты.
Мекеменин маалыматына таянсак, чек арадагы куралдуу кагылышта жаракат алган 9 аскер кызматкери Ош облустук клиникалык ооруканасында дарыланууда. Аларга мэриянын атынан спорттук кийимдер, мөмө-жемиштер жана таттуулар берилди.
"Биздин негизги милдетибиз – сиздердин эрдиктериңиздерди унутпай даңазалоо. Ар бириңиздер баатыр деген наамга татыктуусуздар. Ушундай коргоочуларыбыз бар экенине сыймыктанышыбыз керек", - деген вице-мэр Венера Рыскулова.