21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин Москвадан Борбор Азия өлкөлөрүнө авиабилеттер кымбаттады.
Aviasales.ru сайтындагы маалыматка караганда бүгүн, 22-сентябрда Бишкекке билеттин баасы 104 миң 663 сомду түзүүдө. Каттамды "Урал аба жолдору" авиа компаниясы аткарат.
Ал эми коңшу Өзбекстандын Ташкент шаарына 22-сентябрга билеттер сатылып бүткөн.
Кечээ, 21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган.