Германияда кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу боюнча меморандумга кол коюлду

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Германиянын ишке орноштуруу федералдык агенттиги кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу жаатында өз ара аракеттенүү меморандумуна кол коюшту.
Министрликтен билдиришкендей, меморандум тышкы эмгек рыногун диверсификациялоого мүмкүндүк берет. Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтет жана бекемдейт.
"Тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндө өз ара маалымат алмашуу үчүн министрлер кабинети менен Германиянын федералдык өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы горизонттору түзүлөт.
Германиянын ишке орноштуруу федералдык агенттигинин делегациясы Билим берүү жана илим министрлигинин, Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргыз-Герман техникалык институтунун, кыргыз-герман колдонмо информатика институтунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munduz2016
2022-09-22 15:09:00
Кыргызстандын өзүнө жумуш орундарын көбөйткүлө,улуу урматтуулар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан