Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан айрым Кыргызстандын улуттук спорт түрлөрү чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугун Түркияга спорттун үч түрү: көк бөрү, эр эңиш жана кыргыз күрөшүн киргизүү шарты менен өткөрүп берген. Бирок Түркия тарап Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көкпарды негизги оюн катары белгилеп, ордо, эр эңиш жана кыргыз күрөштү алып салган.
"Уюштуруучулар көкпарды Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына негизги оюн катары киргизип, көк бөрүнү көрсөтмө оюн катары жазып коюшуптур. Алар эгер көк бөрү ойносоңор тай казанды өзүңөр алып келип, байгени дагы өзүңөр койгула деп жатат.
Үч жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көк бөрү эрежеси менен өтүп, эми минтип көрсөтмө оюндарына айланып калганы кандай?", - деди өздүк булак.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көк бөрүдөн дагы, көкпардан дагы эки улуттук курама команда даярдалып жаткан.