"Тажиктер пальтомду айрып туруп банкка салайын деген акчамды алып кетиптир" дейт лейлектик тургун

Тажикстандын аскер кызматкерлери Лейлек районунун Интернационал айылындагы үйлөрдү тоноп, андан кийин өрт коюшкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын журналисти Бек Оморбеков жеринен билдирди.

Интернационал айылынын тургуну Ырысман Толбаева Тажикстан тарап үйүнө кирип чачып, пальтосунун чөнтөгүндөгү 160 миң сомун тажик тараптан келип тоноп кеткенин билдирди.

"Үйүмө октор тийиптир. Тажикстандыктар айнектерин талкалап, үйүмдү чачып кетишиптир. Мен өзүмдүн акчамды алыптырмын дагы, бирөө банкка салып кой деген 160 миң сомду пальтомдун чөнтөгүндө калтырып кетиптирмин. Пальтомду айрып туруп ошол акчаны алып кетишиптир", - деди Ырысман Толбаева.

"Пальтомду айрып туруп акчамды алып кетиптир" дейт лейлектик аял
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан