Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу басып кириши талкууланып жаткан жыйынга муляж автомат көтөрүп келди.
Депутат кийинчерээк журналисттерге автомат муляж экенин жана аны уулунун туулган күнү үчүн алганын айтты.
"Кудай буюрса, кыргыз эли жеңишке жетип келгенбиз, дагы да жетебиз", - деди ал Баткендеги кырдаал боюнча айтып жатып.