Бишкек шаарындагы көчөлөргө 16 жол чырак орнотулду

Бишкек шаарындагы көчөлөргө 16 жол чырак орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы бир нече көчөгө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 14 транспорттук жана 2 жөө жүрүү жол чырак объектиси орнотулган. 10 объект пайдаланууга берилди жана автотранспорттун агымын толук жөнгө салууда.

Белгилей кетсек, жол чырактар шаардык бюджеттин каражат эсебинен орнотулду.

Жаңы объектилер төмөндөгү көчөлөрдүн кесилиштерине орнотулган:

1. Үсөнбаев - М.Күрөңкеев көчөлөрүнө;
2. Ахунбаев - Тагай Бий көчөлөрүнө;
3. Киев - К.Акиев көчөлөрүнө;
4. Москва- К.Акиев көчөлөрүнө;
5. Осмонкул-Күрөңкеев көчөлөрүнө;
6. Садырбаев-Кара Коо көчөлөрүнө;
7. Фучик - С. Лазо көчөлөрүнө, №54 Орто мектеп (жөө жүрүүчү);
8. Садырбаев-Матисаков көчөлөрүнө (магистральная);
9. М. Горький - К. Тыныстанов көчөлөрүнө;
10. Чүй проспект –К. Акиев көчөсү;
11. Профессор Зима-Баялинов көчөлөрүнө, №75 Орто мектеп

Ошондой эле бүгүнкү күндө 4 транспорттук жана 1 жөө жүргүнчү жол чырак объектисин пайдаланууга берүү жана кошуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Кийинки көчөлөрдүн кесилиштеринде:

1. Л. Толстой - М. Достоевский көчөлөрүнө;
2. Үмөталиев - Жибек Жолу көчөлөрүнө;
3. Ахунбаев – Шералиев көчөлөрүнө;
4. Байтик Баатыр көчөсү 8 жана 9 кчр ортосуна (жөө жүрүүчү);
5. Медеров - К. Тыныстанов көчөлөрүнө.

Транспорт департаменти төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштерине 7 транспорттук жол чырак объектисин курууга сынак жарыялады:

1. Шералиев-Куюков көчөлөрүнө;
2. Сухэ-Батор — 7-Апрель көчөлөрүнө;
3. Салиева-Буденного көчөлөрүнө;
4. Манас-Кокчетавский көчөлөрүнө;
5. Профсоюзная – Бородина көчөлөрүнө;
6. И. Ахунбаев - К. Тыныстанов көчөлөрүнө;
7. Л. Толстой - М. Ауэзов көчөлөрүнө.

Бул жол чырактар орнотулуп, ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirlan2084
2022-09-22 15:40:00
ушул кереги жок жерлерге эле жол чырак койо берип шаардын бардык көчөлөрү пробка болбатат силер сынак жарыялап коюп акча жейсиңер кичинекей кесилиштерге жол чырак керек эмес кичинекей Бишкеке баары биригип 20 жолчырак жетет ошондо жол тыгыны эмне экенин билбей жашайбыз түнкү саат үчтө бардык жол чырактарды өчүрүп бир жума көрсөңөр шаарда бирдашы пробка болбойт ошондо 20 жерге эле жол чырак копю койгула шаардын тургундарын дагы ойлогулада транспорт департаменти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан