Жогорку Кеңештин депутаттары Баткенге жөнөп жатышат. Кимдер?

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңеште депутаттар жабык эшик артында Баткендеги кырдаал боюнча маалыматты угушту.

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков анын кесиптештери Баткен облусуна барганы жатышканын билдирген. Бул маалыматты депутат Тазабек Икрамов дагы тастыктады. Баткенге баруу чечими бүгүн парламенттин жыйынында кабыл алынган.

Баткен облусуна депутаттардын баары барбайт. Баткенге бара турган депутаттардын тизмеси:

Акбөкөн Таштанбеков (Ысык-Ата району);

Жалолидин Нурбаев (Араван району);

Нурбек Сыдыгалиев (Ишеним);

Максатбек Сарбагышев (Ысык-Көл району);

Шаирбек Ташиев (Жалал-Абад округу);

Тазабек Икрамов (Сузак району);

Мирлан Самойкожо (Кочкор району);

Өмүрбек Бакиров (Көк-Жар округу);

Нурланбек Азыгалиев (Жайыл району);

Шайлообек Атазов (Свердлов району)

Сүйүн Өмүрзаков (Ишеним).

Депутаттар Баткенге автобус менен баруу ниетин билдиришкен, калгандары өз алдынча барышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
mir996
2022-09-22 18:00:00
Жоо кеткенден кийин, кылычынды ташка чап дегендей, эми алардын эмне кереги бар
0
Аkjol18
2022-09-22 18:19:00
Кабарчылар,туура жазып үйрөнгүлөчү сураныч. Жалал-Абад ,Көк-жар райондору кайсыл жерде бар эле.
+2
Sofiya05
2022-09-22 19:00:00
Аkjol18 Туура айтасыз. Ноокат району Көк-жар округу болот
0
Аkjol18
2022-09-22 18:22:00
Ушунчалык билими тайкы,бийлик өкүлдөрү бар. Өзгөндү Баткенге кошту эле,кечээ Сузакты Ош областына кошуп жататко. Өзүбүздүн билим деңгээлибизге жараша иш кылсак дейминда.
+1
munduz2016
2022-09-22 19:42:00
Күтүлгөн эле иш сапары.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан