Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында жаңы Желденбай уулу Жылдызбек атындагы мечит салтанаттуу түрдө ачылып, эл кызматына берилди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.
“Боз үй формасында заманбап үлгүдө толук шарты менен курулган мечит Желденбай уулу Жылдызбектин балдарынын демөөрчүлүгү менен бүткөрүлдү”, - деп берилет маалыматта.
Ачылышка келген катышуучулар, айыл жаштары жана аксакалдар мечит менен таанышып, элибиздин, мамлекетибиздин тынчтыгын, келечегин сурап дуба кылышты.