"Тартипке салып бериңиз". Ташиев Эмил Жамгырчиев "Салимбай Байбачадан" эмне жардам сураганын айтты

Бүгүн, 10-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Эмил Жамгырчиев Өзбекстандагы белгилүү кримавторитет Салим Абдувалиевден (Салим Байбача) эмне жардам сураганын айтып берди.

Ташиевдин айтымында Эмил Жамгырчиев "Салимбай Байбачадан" Кыргызстанды тартипке келтирип берүү өтүнүчү менен жардам сурап барган.

"Биз кылмыш иши козголгондон кийин биздин тергөөчүлөр Ташкентке барып, Өзбекстандагы кесиптештерибиз менен "Салим Байбачаны" суракка алдык. Ал бардык көрсөтмөлөрүн берди. Ал "Ооба, Жамгырчиев мага келген. Кыргызстанды тартипке салып бериңиз, мамлекеттик кызматкерлер тартипсиз болуп кетти" деп жардам сураган" деп айтты. Бирок ал Кыргызстанга кийлигише албастыгын айтыптыр.

Андан тышкары Жамгырчиев ал жакка барып жардам сурап эле келбестен анын жардамчысын алдап кеткен. Бир нече күн анын мейманканасында жатып, акчасын төлөбөстөн качып кетиптир. Ошондо Өзбекстанда эки кылмыш иши козголду", - деди Ташиев.

Ташиев Эмил Жамгырчиев "Салимбай Байбачадан" эмне жардам сураганын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан