"Биздин фракция үчүн өтө өкүнүчтүү...". Акаев Жамгырчиевдин Ак үйдүн терезесинен секире качканына кейиди (видео)

Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев фракциялашы Эмил Жамгырчиевдин Ак үйдүн терезесинен секире качканына ыңгайсыз абалда калганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-январда парламентте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Кечээ Жамгырчиев кесиптеши Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, Чүй проспектисин көздөй качып кеткени айтылган. Бүгүн окуянын видеосу тарады.

"Бул күтүүсүз окуя болду. Абдан өкүнүчтүү. Азыр бирдеме деп айтыш дагы кыйын. Мен буга чейин Эмил Жамгырчиев менен жолугуп, эгерде сизге кандайдыр бир саясий куугунтук болуп жатса, биз сизди фракциябыз менен коргогонго даярбыз деп айткам. Анан өзү "Бул жерде саясий иш жок, менде да анча-мынча жоопкерчилик бар. Муну эми тергөө аныктайт. Ошондуктан фракциябыз менен кандайдыр бир чечим кабыл алуудан шашпагыла" деп өтүнгөн", - деди Акаев.

Ошондой эле ал 2022-жылдын 30-ноябрдагы парламент жыйынында Эмил Жамгырчиевдин үйү менен унаасынан үн жана видео жаздыруучу аппараттар табылганы боюнча билдирүүсү такталбай калып, уят болгонун кошумчалады.

"Азыр биздин фракция үчүн абдан ыңгайсыз, өтө өкүнүчтүү учур болуп атат. Анткени биз чындыгында мунун баарын билген эмеспиз. Жамгырчиев бизге бул окуялар боюнча эч нерсе айтып, кеңешкен эмес. Ал кечээ шок абалында болчу, өзүңүздөр деле көрсөңүздөр керек. Мен ага ачууга алдырып, шашпаңыз, баары акырындан ордуна келет деп айткам. Тергөөчүлөр жөн эле суракка чакырып коёлу дешкен. Анын баарын биз билчүбүз. Бирок анын экинчи кабаттап секире качканы аябай өкүнүчтүү окуя болуп калды, ошого ыңгайсыз абалда турабыз", - деди фракция лидери.

Бүгүн Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга макулдук берди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталууда.

Жыйында депутатка карата Өзбекстанда да кылмыш иши козголгону айтылды. Ошондой эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жамгырчиев Өзбекстандагы белгилүү кримавторитет Салим Абдувалиевден (Салим Байбача) жардам сураганын айтты.

Атайын кызматтын башчысы Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши оор кылмышка кирбегендиктен ал камалбай турганын кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 10.01.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан