Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бир айга камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 27-мартта Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Сот аны 26-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында калтырды.
Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу / адалдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда кылмыш ишинин материалдарынын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.