Өлкөнүн пара дзюдо боюнча курама командасы Түркиядагы эл аралык мелдешке катышат. Маалыматты Ден тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Ага ылайык, “Дүйнө Гран-При” эл аралык мелдеши Анталия шаарында өтөт. Мелдеш 29-март күнү башталып, 2-апрель күнү жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
- Фердауза Убакирова - 48 килограмм;
- Темирдан Абдикеримов, Алихан Жумагулов - 60 килограмм;
- Маматибрагим Суранов 73 килограмм;
- Байбол Саламат уулу коштоочу-машыктыруучу;
- Айзада Жээналиева коштоочу-машыктыруучу.
Курама команда башкы машыктыруучу Канатбек Имяновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.