Нарындагы айылдарга 270 миллион сомдук жаңы атайын техникалар тапшырылды (сүрөттөр)

Нарын облусунда 27 айыл өкмөткө 44 жаңы атайын техника берилди. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта облустун өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, техникалар күн мурун Нарында өткөрүлгөн “Агро - 2024” айыл чарба форумунда салтанаттуу тапшырылды. Аларды сатып алууга 270 миллион сом каражат бөлүнгөн.

Техникалардын ачкычын акимдерге жана айыл өкмөт башчыларына Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан