ЖКККББнын техникалык бөлүмүнүн жетекчиси үй камагына чыгарылды

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Адил Нефтулаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук сот мындай чечимди 20-мартта кабыл алган. Анда УКМК тергөөчүсүнүн ага карата бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү канааттандырылган.

Эске салсак, 20-февралда Нефтулаев Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Канатбек Кубатбеков менен чогуу кармалган. Кийинчерээк Канатбек Кубатбеков үй камагына чыгарылып, Адил Нефтулаев менен автомектептин директору И.М. 2-апрелге чейин камакка алынган.

Белгилей кетсек, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбеков, башкармалыктын техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Адил Нефтулаев жана автомектептин директору коррупциялык схема түзүшкөн деп кармалган. Алар автоунаага газ баллон жабдуусун орнотууга уруксат берүү үчүн жарандардан акча алып келишкени кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан