Чүйдө катуу шамалдан улам өзгөчө кырдаал киргизилди

Бүгүн, 28-мартта катталган катуу шамалга байланыштуу Чүй облусунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн Бишкектин жана Чүйдүн аймагында саат 16:20 чамасында ылдамдыгы 18-26 метр секундга жеткен катуу шамал болуп, кыйроолор жана жабыркагандар катталган.

"Мындан улам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жетекчилиги “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтомго ылайык, өзгөчө кырдаалды киргизүү тууралуу буйрукка кол коюшту. Бул токтомго негизинде шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрден ашкан учурда "өзгөчө кырдаал" режими киргизилет.

Жеринде кооптуу аймактарды изилдөө жана анын кесепеттерин аныктоо максатында Жарандык коргонуу кызматтарынан турган мобилдик топтор уюштурулуп, кызматтар күчөтүлгөн режимге өттү" деп билдиришти министрликтен.

Бардык жеткиликтүү коммуналдык кызматтарды жана атайын техниканы колдонуу тапшырылып, кыска аралыкта иретке келтирүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле социалдык объектилерде өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин аныктоочу Жарандык коргонуу комиссиясы келтирилген чыгымдарды аныктоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борборго өзгөчө кырдаалды киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан