Эмгек министрлиги "Крокуста" эрдик жасаган Ислам Халиловго Ардак грамота тапшырды

Орусиядагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында кайгылуу окуя болгон күнү жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууда көрсөткөн эрдиги үчүн Кыргыз жарандары Ислам Халилов, Рустам Бакытбеков, Белек Каныбековго Кыргызстандын Эмгек министрлигинин Ардак грамоталары тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта министрликтен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, сыйлыкты Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Жаркынай Галиева тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкүлчүлүктүн жетекчиси министр Гүлнара Баатырованын атынан жаштарга, ошондой эле алардын ата-энелерине баатыр жана жан аябас уулдарын тарбиялаганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ислам Халиловдун, Рустам Бактыбековдун жана Белек Каныбековдун эрдиги, чыныгы эр жүрөк жана татыктуу муун өсүп келе жатканын ырастай турганын белгиледи.

Аларга чың ден соолук, жашоодо ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан