Орой кардарларга жылмайып мамиле кылууга аргасызсыз, кээде орунсуз тамашага деле күлүп жооп берүүгө туура келет, чарчаганыңызга карабай (аялзат) үй-бүлө мүчөлөрүнө кечки тамакты күлүп-жайнап беришиңиз керек. Балким, бул сизге кыйын эместир, башкаларга да жагымдуу. Бирок сезимдериңизди баш көтөртпөй баса берүү, аны жасалма нерсеге алмаштыруу – бул сизден чоң ресурсту талап кылат. Психологияда бул жагдай эмоционалдык эмгек же эмоционалдык тейлөө деп аталат.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” 5-апрелде чыккан жаңы - №1113 санынан окуй аласыз.